Жол歌词

添加日期:2023-12-23 时长:04分12秒 歌手:Эдил Маматов

作词 : Джангазиев Муса
作曲 : Абдыжапаров Эрнест Алмасбекович
Бир жол бар айыл четинде
Көргөндөрдүн эсинде
Кербендер өтчү тоо менен
Эмнегедир кечинде
аи-и-и-и
оу-у-у-у
Эмнегедир кечинде
Чоп ташыган араба
Тай, торпок минип бала да
Ак жол менен барышкан
Айылдыктар калаага
Кырк чоросун башкарып
Аккуласын аттанып
Өткөн экен эр Манас
Душманынан такталып
Эсепсиз эл жыйылып
Эрсинген душман кырылып
Ушул жолдон өтүпүр
Эр Семетей тыныгып
Тоо таштарга жашынып
Комтолу мылтык асынып
Өткөн экен Кожожаш
Сур эчкини качырып
Падышага кагылып
Колуна кишен салынып
Комузун чертип мунайып
Токтогул өттү зарыгып
Чоң эне, кимдер өтпдү
Санасам эсеп жетпеди
Согуштун кыйын жылында
Эсимде атам кеткени
Күүгүм талаш болгондо
Биз да чыгабыз ал жолго
Жакындап бардым мен дагы
Өткөндөр түштү ойлорго编辑于2023/12/23更新
更多>

人气推荐

更多>

喜欢【Эдил Маматов】您也可能喜欢TA们的歌词…

更多>

最新歌词

Copyright @2011 - 2024 www.9ku.com
九酷音乐网 版权所有
ICP备案:黑ICP备2023008593号-1